Президенттик шайлоого катышып жаткан партиялар өз кадыр-баркын билип, мыйзамды бузбай иш алып барышы керек. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги президенттик шайлоо өнөктүгү жана саясий партиялардын жоопкерчилигине арналган жыйында билдирди. Ал акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу фактылары катталганын, мындай ыкманы шайлоого биринчи жолу катышып жаткан партиялар дагы колдонгонун кошумчалады.
- Бул окуялар партиялар дагы деле өзүнө жүктөлгөн чоң миссияны сезбей жатканынан кабар берди. Келе жаткан президенттик шайлоодо БШК атайын жумушчу топ түзүп, партиялардын өкүлчүлүктөрү менен окууларды өткөрүп, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Партиялар добуш сатып алуу кылмыш экенин билиши керек.
Кыргызстанда акыркы жергиликтүү кеңеш шайлоосуна 36 партия катышса, анын 21и алгачкы жолу шайлоого катышкан. Ал эми президенттик шайлоо быйыл күздө өтөт. Анын так датасы аныктала элек. 17-майда Жогорку Кеңеш КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушун экинчи окууда колдогон. (КЕ)