Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа дарыясы кирип Биринчи май айылынын Булбул чегиндеги дамбанын бир бөлүгүн бузуп кетти. Дамбанын башка бөлүгүн жырып кетүү коркунучу пайда болгон. Учурда аталган министрлик жээкти бекемдөө ишетрин жүргүзүүдө.

Ал эми 17-майда жааган жамгырдан улам Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Миңжыгач сайы аркылуу сел жүрүп, Исфана-Гордой-Миңжыгач-Айбике жолунун 16-19-чакырымдарынын аралыгын сел калдыктары басып, унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жараткан. Ошондой эле 450 метр аралыктагы ички арыктар сел калдыктарына толуп, кээ бир жерлери бузулган. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян болгон эмес. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гидрометеорология агенттигинин маалыматына таянып 18-19-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, жаан катуу жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымалдыгын эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG