Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:29

Сузактын милиция башчысы жалаа менен иштен алынып жатканын айтты


Иллюстрация

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурбек Сыдыков жалган жалаа менен жумушунан алынып жатканын айтууда. Жетекчинин "Азаттык" радиосуна айтымында, кол алдындагы кызматкерлеринен протоколсуз эч кандай акча чогултулган эмес. 28 800 сом деп көрсөтүлгөн сумма жыйын учурунда ортого салынып, баарынын макулдугу менен жер көчкүдөн жабыркагандарга жана Р.Санатбаевдин турнирине катышып жаткан орган кызматкерлерине деп чогултулган.

- Ишкерлерди мажбурлаган деген дооматтар да негизсиз. Анткени Сузак районунун борборунда көчө боюнда соода кылган сатуучуларды иретке келтирүү максатында облустук жана райондук бийликтин буйругун гана аткарганбыз. Менин кызмат ордум кимдир бирөөгө керек болуп жаткандыктан ушундай куру доомат менен кетирүүдө. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыктан жактоочу жалдап, бул багытта сотко кайрылам.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы министрликтин ички коопсуздук кызматы менен бирге текшерүү жүргүзгөн учурда Сузак райондук милиция кызматкерлери ишкерлерге кылмыш ишин ачабыз деп басым жасап, жетекчиси акча чогултуп жаткандыгы белгиленген. Мындан сырткары райондук ички иштер бөлүмүндө кызматкерлер ортосунда мыйзамсыз акча чогултуулар аныкталган. Буга байланыштуу облустук ИИБ Нурбек Сыдыковду кызматтан бошотуу боюнча министрликке сунуш жөнөткөн.

Нурбек Сыдыков Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчылыгына облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы убагында 2016-жылдын декабрь айында дайындалган. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG