Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Лихтенштейнден 2 млн долларды Кыргызстанга кайтаруу маселеси чечилди


Бул тууралуу өкмөткө караштуу Каржылык чалгын кызматынын жетекчиси Айбек Кадыралиев 17-майдагы жыйында билдирди. Анын айтымында, "Мегаком" компаниясынын жетекчилиги 2012-жылы Кыргызстандан чыгарып кеткен ири көлөмдөгү акчанын 2 миллион доллары Лихтенштейн княздыгынан табылган. Бул өлкөнүн соту акча салынган банк эсебине бөгөт койгон.

Кадыралиев учурда бардык жараяндар аяктап, Башкы прокуратура жана УКМК менен биргеликте каражатты кайтаруу маселеси чечилгенин кошумчалады.

"Мегаком" деген аталыш менен белгилүү болгон "Альфа-Телеком” компаниясынан уурдалды делген алты миллион доллардын эки миллиону борбордук Европада жайгашкан Лихтенштейн княздыгындагы оффшордук банктардын биринин эсебинен чыкканын 2013-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдары жарыялаган. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG