Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Кыргыз-өзбек айылдарынын кызматташуу программасы даярдалды


Өзбекстанга Кыргызстандан барган өкүлдөр, Анжиян, 1-октябрь, 2016
Өзбекстанга Кыргызстандан барган өкүлдөр, Анжиян, 1-октябрь, 2016

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жайгашкан алты облустун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтык программасынын долбоору даяр. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маеги учурунда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков билдирди. Учурда ал боюнча макулдашуу процесси жүрүп жатат.

Соңку жылдары мамилеси салкындап кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 2016-жылдын күзүнөн тарта ымала жакшы нукка өзгөрө баштады.

Өткөн жылдын октябрь айында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, маданий ишмерлер жана улуттук борборлордун башчылары болуп Анжиянга барышкан. Анда чектеш облустардын ортосунда мамилелерди улантуу, көйгөйлүү маселелерди өздөрүнүн деңгээлинде чечүү, кайсы бир маселени жаңжалга чейин жеткирбейли деген мазмундагы меморандумга кол коюлган. Кийин Өзбекстандан ушундай эле топ Ошко келген.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустары менен чектешет. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG