Кошмо Штаттардын жогорку расмий өкүлдөрү 17-майда билдиришкендей, АКШга Европадан багыт алган учактардын бортуна ноутбуктарды алып кирүүгө тыюу салынбайт.
Мындай чечим Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилери менен болгон сүйлөшүүдөн кийин кабыл алынган.
Март айында АКШ Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын айрым өлкөлөрүнөн Америкага багыт алган аба каттамдарынын жүргүнчүлөрүнө телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды учактын бортуна алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Бул чара террорчулукка каршы күрөштүн алкагында кабыл алынганы маалымдалган. Мурдараак Вашингтон Европа мамлекеттеринен учкан каттамдарга да ушундай эле эреже киргизилиши мүмкүндүгүн билдирген.
АКШ менен Евробиримдик ортосундагы сүйлөшүүлөр кийинки аптада да улантылары күтүлүүдө.