Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Аида Касымалиева сейил бактарды текшерүүнү сунуштады


Бишкектеги сейил бактардын бири
Бишкектеги сейил бактардын бири

Жогорку Кеңеш жыйынындагы ар түрдүү маселелер боюнча талкуу учурунда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева Кыргызстандагы сейил бактарды, аттракциондорду текшерип чыгууну өкмөткө сунуштады. Эл өкүлү Ош шаарындагы Навои эс алуу багындагы карусель кырсыгы үчүн бир дагы мекеме жоопкерчилик ала электигин айтты:

- Паркты иштеткен ишкер да комментарий берүүдөн баш тартууда. Мындай жагымсыз окуяларга ким жооптуу? Эс алуу парктарындагы аттракциондордун коопсуздугуна тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарыл.

Касымалиева 1-июнь - Балдарды коргоо күнүн шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна балдарды коргоо жаатындагы иш-чараларга басым жасоо керектигин белгиледи.

14-майда кечки саат бештерде Оштогу Навои эс алуу багында карусель кулап, расмий кабарга ылайык, сегиз киши жабыркаган. Азыр кырсыктан жапа чеккен үч адам бейтапканада.

Окуя боюнча шаардык милиция кылмыш ишин козгогон. Ош шаардык мэриясы кулаган карусель акыркы жолу 26-апрелде текшерилип, "оңдоо керек" деген сунуш берилгенин кабарлады. (NT)

XS
SM
MD
LG