Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:27

Бала бакчада бала сабалды деген маалымат териштирилүүдө


Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Жоогазын” бала бакчасында төрт жашар баланын сабалганы тууралуу маалымат териштирилүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 16-майда Мария аттуу келин баласын тарбиячы сабаганын айтып милицияга кайрылган. Ал эми тергөөдө тарбиячы бала өзү чалынып, паласка сүрүлгөнүн айткан. Окуя боюнча соттук экспертиза дайындалган, тарбиячынын аракетине анын корутундусуна ылайык баа берилет.

Ал эми аталган бала бакча өз ара кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түздү. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG