Украинанын Харьков шаарында ЛГБТ активисттерине кол салуу болду. Бийликтин маалыматы боюнча, кол салууга катышкан 30 адамды таркатуу маалында эки полициячы жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Кол салгандар ЛГБТ кыймылынын белгиси - түстүү желекти өрттөп салышты.
Жеринде болгон окуяны чагылдырган видеолордо кара кийимчен жигиттер шаар борборунда чакан митингге чогулган ЛГБТ активисттерине кол салып, полициячылар менен мушташып жатканын көрсө болот.
Харьковдун полиция башкармалыгы Фейсбуктагы баракчасына кол салгандардын төртөө кармалганын жазды. Аларга коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнө кол салганы үчүн айып тагылышы мүмкүн.
Эгер иш сотко жетсе, кармалгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.