Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Шаардык сот Жакупованын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечимди колдоду


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупованын арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып “Азаттыкка” билдирди.

- Доо арыздын суммасы жогору, ошондуктан ушундай чараларды көрүш керек деп жатышат. Үчөөбүзгө 3 млн жана сайтка 3 млн болуп, жалпы сумма 12 млн сом. Бул чоң сумма деп жатышат. Эми кандай кыларыбызды адвокаттар ойлонот.

Экс-депутат апрелдин соңунда Октябрь райондук сотунун өлкөдөн чыгууга тыюу салган жана үйүн камакка алуу чечимин жокко чыгаруу боюнча шаардык сотко арыз жазган.

Башкы прокуратура Zanoza.kg сайтына 30-мартта чыккан маалыматтар үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп аталган сайтты сотко берген. Сайтта Бишкектеги талкуулардын биринде өлкөдөгү абал тууралуу сөз сүйлөгөн Чолпон Жакупованын пикири жарыяланган. Анын негизинде аталган сайтты негиздеген "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен 3 миллион сомдон талап кылган. Мындан сырткары экс-депутаттын мүлкүн камоо чечими бар.

Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG