Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Жалпак-Ташта жабыркагандар үчүн банк эсеби ачылды


Аюу айылынын тургундары
Аюу айылынын тургундары

Өзгөндөгү жер көчкүдөн жана Чоң-Алайдагы жер силкинүүдөн жабыркагандарга ачылган өз-өзүнчө эсептерге беш миллион сомдон ашуун каражат түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-майга карата Чоң-Алайдагы тургундарга 2 миллион 707 миң 848 сом 49 тыйын чогулду.

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагылар үчүн 2 миллион 865 миң 685 сом топтолду.

Андан тышкары, Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында жер көчкүдөн жабыркагандар үчүн да банк эсеби ачылды.

Эсепти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан. Каражат чогултуу уланууда. Каалоочулар жогоруда көрсөтүлгөн банк эсептерине акча которсо болот.

Банк эсеби mes.kg сайтына жазылган. Суроолор менен министрликтин Бишкектеги төмөнкү телефон номуруна чалыңыз: (0312) 54 79 01.

29-апрелде Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчкү бир канча үйдү басып, 24 адам топурак алдында калып, набыт кеткен. Тургундар чатырларда баш калкалап жатат.

3-5-май күндөрү жер титирөөдөн Чоң-Алай районунда бир катар үйлөр авариялык абалга жетип, 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн. Силкинүүдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кеткен.

Апрелдин этегинен тарта Өзгөндүн Жалпак-Таш айылында да жер көчүп ондогон үйлөрдү басып калды. Киши өмүрүнө зыян келген жок. ​(SE)

XS
SM
MD
LG