Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Балдардын жайкы каникулун өткөрүүгө бюджеттен 5 млн сом бөлүндү


Бул тууралуу бүгүн балдардын жайкы каникулун уюштурууга байланыштуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга ылайык, ал каражат жайкы каникулду өткөрүү максатында борбордук профсоюздар комитетине өткөрүлүп берилет. Жалпысынан республика боюнча 582 лагерь балдарды кабыл алууга даяр, аларда жалпысынан 23 миң 966 балага орун бар. Учурда лагерлерге бара турган балдардын тизмеси такталып, мугалимдерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Министрлик жана жергиликтүү органдар тарабынан тиешелүү каражаттар бөлүнөт. Султанбекованын айтымында, Чоң-Алайдагы жер титирөө болгон айылдын 1-9-классынын окуучулары быйыл лагерлерде эс алат.

- Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына, биз жайкы эс алуу уюштурууну приоритет катары карашыбыз керек. Жайкы эс алууга чыга албаган балдарга жергиликтүү деңгээлде кызыктуу жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу жөнүндө маселени кароо керек.

Майдын башында Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титиреп, бир нече айылдагы ондогон үй, социалдык объекттер жабыркаган. Айрымдары жарактан чыккан. Жер титирөөдө балдар коркуп, стресс алганын дарыгерлер белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG