Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 19:25

Базар-Коргон-Арстанбап жолу көчкүдөн тазаланды


Арстанбап

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон-Арстанбап автожолунда, Кызыл-Үңкүр айылында бүгүн шагыл-топурак аралаш көчкү жүрдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, жол бүгүн түштөн кийин жабылып, көчкү көлөмү аз болгондуктан толук тазаланып кечке жуук ачылды. Жаан-чачындын көп болгонуна байланыштуу Кыргызстанда жер көчкү, сел, суу ташкындоо коркунучтары сакталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG