Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

18-майда крым татарларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлгөнүнө 73 жыл толду. Сталиндин буйругу менен 1944-жылдын 18-20-май күндөрү 180 миңдей крым татарлары күчтөп көчүрүлгөн. Быйыл бул күнү Украинанын, Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралынан башка бардык аймактарында чак түштө "бир мүнөт унчукпай туруу" акциясы өттү. Крымдын борбор шаары Симферополдо орусиячыл бийликтер депортация күнүн эскерүү иш-чараларына тыюу салган.

Бул күндү утурлай Крымда бир нече активист кармалып, кайра кое берилди.

Киевдеги эскерүү иш-чарасында президент Петро Порошенко сөз сүйлөдү.

Жалпы саны 2,5 миллионго жеткен Крым татарлары жарым аралдагы калктын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG