Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Нью-Йоркто автоунаа топтолгон элди сүзүп, бир киши набыт кетти

Нью-Йорктогу окуяда жарадар болгондордун саны 12ге жетти.
Нью-Йорктогу окуяда жарадар болгондордун саны 12ге жетти.

Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында жогорку ылдамдыктагы автоунаа топтолгон калың элди сүзүп, бир адам адам набыт кетти. Жарадарлардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарынын өрт өчүрүү жана полиция кызматтары билдиришти.

Кошмо Штаттардын расмийлери алдын ала маалыматтарга караганда окуянын террорчулукка тиешеси жоктугун, учурда машиненин айдоочусунун канында ичимдик бар-жоктугу текшерилип жатканын маалымдашты.

Ошентсе да ФБР менен полиция окуя боюнча бирегелешкен иликтөө жүргүзө баштаганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG