Аба каттамдарынын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири бүгүн Бишкекте талкууланат. Адистер тармактын өксүктөрүн ортого салып, Кыргызстандагы авиакомпанияларды Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу жолдорун издешет. Уюштуруучулар маалымдагандай, Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу да сөз болот.
Hyatt отелиндеги тегерек үстөлдү Жарандык авиация коому, Эл аралык ишкерлер кеңеши жана башка бир катар мекемелер чогуу өткөрүүдө.
18-майда Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков авиация тармагын өнүктүрүү жаатында адистер менен жыйын курган.
Учурда Евробиримдиктин "кара тизмесинде" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары кала берүүдө. Кыргызстан ага 2006-жылы илинген. (SE)