Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргызстан 12 медал утту


Кыргызстандык волейболчу кыздар.
Кыргызстандык волейболчу кыздар.

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстан 12 байге менен 14-катарда келүүдө.

18-май күнү кыргызстандык спортчулар бир күмүш, үч коло байгенин ээси болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Күмүш байгени грек-рим күрөшүнөн 66 килограммга чейинки салмакта Жанат Кыйлыбаев алды. Ал финалда азербайжандык Камран Маммадовдон жеңилип 2-орунду ээледи.

Коло байгелерди грек-рим күрөшчү Кайрат Түгөлбаев (75 кг.), жеңил атлетчи Дарья Маслова (5000 м.) жана волейбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы алды. Кыргыз волейболчулары коло байге үчүн беттеште тажикстандык атаандаштарын 3:0 эсебинде утушту.

Мелдештин алтынчы күнүнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан эки алтын, үч күмүш жана жети коло байге менен медал алган өлкөлөрдүн ичинен 14-орунда.

Буга чейин алтын медалдарды дзюдочу Юрий Краковецкий (100 кг.), грек-рим күрөшчүсү Каныбек Жолчубеков (59 кг.) тагынган.

Күмүш байгелерге грек-рим күрөшчүлөрү Руслан Царев (71 кг.) менен Үзүр Жусупбеков (98 кг.) ээ болгон.

Коло медалдарды дзюдочулар Отар Бестаев (60 кг.), Бектур Рысмамбетов (73 кг.) Владимир Золоев (81 кг.) жана сууда сүзүүчү Дарья Таланова (200 метр, брасс) алган.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майга чейин уланат. Мелдештерге 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышып, 269 топтом медал ойнотулууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу барган.

Медал алган өлкөлөрдүн көч башын 60 алтын, 51 күмүш, 43 коло менен Түркия командасы жетектейт. Экинчи катардагы Азербайжан курамасында 58 алтын, 33 күмүш, 24 коло бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG