Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 08:30

Нью-Йорктогу адам өмүрүн алган окуяга шектүүнүн аты аталды


Нью-Йоркто элди автоунаа менен сүзүп, бир адамды набыт кылды деп шектелген адамдын тек жайы аныкталды. Полициянын комиссары Жеймс О'Ниллдин маалыматына ылайык, анын аты-жөнү Ричард Рохас, 26 жаштагы жергиликтүү тургун.

Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянтында 18-май күнү жогорку ылдамдыктагы автоунаа топтолгон калың элди сүзүп, бир адам көз жумган. Жарадарлардын саны 12ге жетти. Мегаполистин мэри Билл де Блазио мерт болгон жаран 18 жаштагы кыз экенин билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда окуянын террорчулукка тиешеси жок экени, айдоочунун канында ичимдик бар-жоктугу текшерилип жатканы кабарланды.

Окуя боюнча ФБР менен полиция биргелешкен иликтөө жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG