Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 19:20

АКШ тараптан Сирияда мындай кадам биринчи ирет жасалды. Пентагон билдиргендей, америкалык учак Сириянын өкмөтү жана Иран колдогон кошуундарга сокку урду. Мындай чара Орусия алардын АКШ жана анын өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы операцияга даярдык көрүп жаткан аймакка кирүүсүнө тоскоолдук кыла албай койгон соң көрүлдү.

Пентагондун ырастоосунда, Сирия өкмөтүнө өнөктөш күчтөр Иордания менен чек арадагы Ал-Танф шаарчасына жакын жерде аракеттенип жаткан АКШ аскерлери менен козголоңчулардын аларга өнөктөш күчтөрүнө коркунуч туудурган.

Сириянын өкмөтү жана Иран колдогон кошуундар Орусия күчтөрүнүн эскертүү иретинде ок чыгаруусуна көңүл бурган эмес.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, АКШнын бомбалоосунан "сириялыктай эмес көрүнгөн" сегиз согушкер өлүп, төрт автоунаа талкаланган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис алардын азыркы аракетин “биз Сириянын жарандык согушундагы ролубузду күчөткөн жокпуз, бирок өз аскерлерибизди коргойбуз” деп чечмеледи.

АКШ баштаган коалиция Сириянын аймагында “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын 2014-жылдан бери жасоодо. Бирок буга чейин бул жерде козголоңчуларга каршы согушкан, Сирия же Иран колдогон күчтөр менен каршылашуудан оолак болуп турган. ( UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG