Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, Рамазан айынын качан башталары 25-майда белгилүү болуп, элге жарыяланат.
Буга чейин муфтият быйыл орозо болжолдуу түрдө 27-майда башталарын жарыялаган. Рамазан айынын башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат, бир күн айырмаланышы мүмкүн.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. (NT)