Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Бишкекте дагы бир жүргүнчүнү машине коюп кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Окуя бүгүн эртең менен Жаш Гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөсү кесилишкен аймакта болгон. Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде Ford Transit үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа алдындагы жеңил машинени сүзүп, жолдон өтүп бараткан кызды коюп кеткен. Жабырлануучу "Тез жардам" менен оор абалда ооруканага жеткирилген. Жүк ташуучу машиненин айдоочусун текшерген учурда анын канынан алкоголь чыккан эмес, соо экени аныкталган.

Кырсык тартылган видео бүгүн интернетте да тарады. Тасмадан ак түстөгү авто унаа жөө жүрүүчү өтмөктөн токтоп, өтүп бара жаткан кызга жол бергени, анын артынан катуу ылдамдык менен кичиавтобус келип сүзүп, жеңил машине жүргүнчүнү коюп кеткенин, ал жерге катуу жыгылганын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери барып, топтолгон материалдарды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө өткөрүп беришкен. Азыр териштирүү уланууда.

Соңку күндөрү Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден киши коюп кеткен учурлар көп катталууда. (NT)

XS
SM
MD
LG