Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Башкы прокуратура кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратура Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылдык милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 305-1-беренеси (кыйноо) жана 305-беренеси (кызмат абалынан аша чабуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Маалыматка караганда, Башкы көзөмөл органы жергиликтүү жарандын милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазган арызын текшерген. Анын жыйынтыгында 12-майда Беш-Күңгөй айылдык милиционерлери аккумулятор уурдоо фактысына байланыштуу бул жаранды бөлүмгө алып барып, моюнга алдыруу үчүн кыйнаганы, колуна кишен, башына желим баштык кийгизип, ур-токмокко алганы аныкталган.  

Кылмыш ишин иликтөө УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (NT)

 

XS
SM
MD
LG