Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Сирия жана Орусия АКШнын аба соккусун айыпташты


АКШ буга чейин бир ирет Сирия өкмөтүнүн химиялык чабуулуна жооп чара катары алардын аскер-аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган. 7-апрель, 2017-жыл.
АКШ буга чейин бир ирет Сирия өкмөтүнүн химиялык чабуулуна жооп чара катары алардын аскер-аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку урган. 7-апрель, 2017-жыл.

Сириянын Улуттар уюмундагы элчиси, расмий Дамасктын Женева тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү башкы өкүлү Башар ал - Жаафари АКШнын аба соккусун анын өлкөсүнө каршы агрессия деп атады.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул “сокку легитимсиз, мыйзамсыз, Сирия Араб республикасынын суверенитетинин кезектеги одоно бузулушу”,- деп белгиледи.

АКШ 18-май күнү Сирияда өкмөт жана Иран колдогон күчтөрдү бомбалаган эле.

АКШ тараптан Сирияда мындай кадам биринчи ирет жасалды.

Пентагон билдиргендей, америкалык учак Сириянын өкмөтү жана Иран колдогон кошуундардын кербенине сокку урду.

Мындай чара Орусия алардын АКШ жана анын өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы операцияга даярдык көрүп жаткан аймакка кирүүсүнө тоскоолдук кыла албай койгон соң көрүлдү.

Пентагондун ырастоосунда, Сирия өкмөтүнө өнөктөш күчтөр Иордания менен чек арадагы Ал-Танф шаарчасына жакын жерде аракеттенип жаткан АКШ аскерлери менен козголоңчулардын аларга өнөктөш күчтөрүнө коркунуч туудурган.

Сириянын өкмөтү жана Иран колдогон кошуундар Орусия күчтөрүнүн эскертүү иретинде ок чыгаруусуна көңүл бурган эмес.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, АКШнын бомбалоосунан "сириялыктай эмес көрүнгөн" сегиз согушкер өлүп, төрт автоунаа талкаланган.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис азыркы аракетти “биз Сириянын жарандык согушундагы ролубузду күчөткөн жокпуз, бирок өз аскерлерибизди коргойбуз” деп чечмеледи.

АКШ баштаган коалиция Сириянын аймагында “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын 2014-жылдан бери жасоодо. Бирок буга чейин бул жерде козголоңчуларга каршы согушкан, Сирия же Иран колдогон күчтөр менен каршылашуудан оолак болуп турган. ( UE)

XS
SM
MD
LG