Окуя өлкө чыгышындагы Логар провинциясында болду. Алар үйлөнүү үлпөтүнө бара жаткан учурда жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан каза табышты.
Логар провинциясындагы Мухаммад Ага районунун акими Насир Аминдин айтымында, бир үй-бүлөдөн беш аял, беш бала, бир эркек таза тапкан.
Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок Логардын полиция башчысы Исматулла Ализайдын айтымында, бомба жол боюна Талибан согушкерлери тарабынан көмүлгөн.
БУУнун быйыл февралда жарыяланган баяндамасына караганда, 2016-жылы Ооганстанда кол салуу, жарылуулардан 3,498 жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 7920сы жараат алган.
Бул цифраларды бириктиргенде мурдагы жылга салыштырмалуу 3% көптүк кылат.
Колго жасалган жардыруучу заттар менен бомбалардын жарылуусу же жардырылуусу жайкын тургундарды өлүмгө кириптер кылган учурлардын эң башкысы.
БУУнун статистикасы боюнча 2016-жылы Ооганстандагы кол салуулардан өмүрү кыйылгандардын 19% мына ошондой жарылууларга кабылган. (UE)