Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 08:34

АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабияга учуп кетти. Сапар жүрүшүндө ал Израилге, Ватиканга, Белгия жана Италияга бармакчы. Бул Трамптын мамлекет башчы болгондон берки алгачкы чет элдик турнеси.

Эр-Риядда Трамп эки тараптуу алаканы жакшыртууга аракет кылат. Аналитиктердин жазышынча, президент адам укуктарынын приоритетине эмес, терроризмге каршы күрөш жана Ирандын үстөмдүккө умтулуусун талкуулоого басым жасайт.

Брюсселде Трамп НАТО жетекчилеринин расмий эмес жолугушуусуна катышат, андан ары Сицилиядагы “чоң жетинин” саммитине бармакчы.

XS
SM
MD
LG