Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов билдирди. Бөлүм башчы райондук милиция башчысы Нурланбек Бурканов менен чогуу ууланган кыздар жайгашкан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышкан.
18-май күнү түштөн кийин Баткен районунун Бужум айылындагы орто мектепте 7-класста окуган жети кыз ооруканага кайрылышкан. Кыздардын дем алуусу оорлоп, башы ооруган.
Окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Алдын ала маалымат боюнча сабак ортосундагы тыныгуу учурунда окуучу бала көчөдөн таап алган пиротехника сыяктуу затты күйгүзүп, окуучу кыздар анын түтүнүнө ууланган.
17-апрелде Балыкчыдагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 14 окуучу ууланып, ооруканага жеткирилген. Мектептин окуучусу апасынын өзүн коргоодо колдонулчу (перцовый газ) газын көтөрүп келип, аны балдар коридордо сээп жибергени аныкталган.
12-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылында Назир Токторбаев атындагы №5 орто мектептин окуучулары белгисиз заттан уулануу белгилери менен ооруканага түшкөн. Алар суудан ууланган болушу мүмкүндүгү айтылган. Окуучулар мектеп кампасындагы суудан ичип, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөсүн жешкенин айтып беришкен. Саламаттык сактоо министрлиги Ноокенде балдардын уулануу себеби аныктала электигин билдирди.(JsA/ZKo)