Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:40

Ирандагы шайлоодо Хасан Роухани жеңди


Хасан Роухани жана Эбрахим Раиси

Ирандын маалымат каражаттары учурдагы президент Хасан Роухани шайлоочулардын 58% добушун алып, жеңишке жеткенин кабарлады. Дээрлик бардык добуштарды эсептегенден кийин, Роухани 23 млн чамалуу, тагыраак айтканда, шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алганы маалым болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү улуттук телеканал аркылуу кабарлады.

Роуханинин атаандашы, мурдагы прокурор Эбрахим Раиси 15 миллиондон ашыгыраак добуш алган. Дагы эки талапкердин ар бири миллионго жетпеген добушка ээ болгон.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бир нече сааттан кийин жарыя болот.

Ирандын президентин шайлоого 40 млн ашуун шайлоочу катышты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 70% келди.

Хасан Роухани 2013-жылы шайлоодо биринчи мөөнөткө президент болуп шайланган. Ал Иранды дүйнөлүк изоляциядан чыгарууга жана эркин коом курууга убада кылган. Экинчи талапкер Эбрахим Раиси эскичил көз караштагы дин кызматкери.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG