Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Ноокенде 150гө чамалуу киши РИИБнүн алдына митингге чыкты


Алар эки-үч күн мурда болгон чатактын күнөөкөрүн таап, жазалоосун милиция кызматкерлеринен талап кылышууда. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастады. Ага ылайык, 18-майда райондун борборунда жаштар чатакташып, натыйжада бирөө бычак жеген. Жаракат алган адамдын туугандары милициядан айыптуу адамды таап, жазалоосун талап кылышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, 20-майда РИИБнүн алдына 150дөй киши чогулган. Алар менен райондун акими жана райондук милиция башчысы жолугуп, ишти кылдат кароого, адилет териштирүүгө убада беришкен.(RsK/ZKo)

 

 

 

XS
SM
MD
LG