Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Башкы штаб "Ачык эшик" күнүн өткөрдү

20-майда Башкы штабдын бардык бөлүктөрүндө жана мекемелеринде ачык эшик күнү өттү. Иш-чара Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналды.

Бул күнү каалоочулар аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушу, кызмат өтөө шарттары жана жоокерлердин жетишкендиктери менен таанышты. Ошондой эле көрүүчүлөргө Куралдуу күчтөрдүн тарыхы, аскер техникалары менен тааныштыруу жана аскердик күжүрмөн даярдыктын элементтери көрсөтүлдү.

"Ачык эшиктер" күнү - Башкы штаб тарабынан Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган декаданын ачылышы. Декада 29-май Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн майрамында ишин жыйынтыктайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG