Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Президент кырсыктан жабыркаган мектептерге көңүл бурууну тапшырды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мындай тапшырманы 20-майда билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алган учурда берди.

Жолугушууда президент Атамабев өлкөнүн табият кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарындагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө министрдин маалыматын укту. Өлкө башчысы Билим берүү жана илим министрлиги табият кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандык менен аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө тийиштигин баса белгиледи.

Президент Атамбаев ошондой эле авариялык абалдагы мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептердин курулушун баштоону, капиталдык оңдоодон өтүүсү зарыл болгон мектептердин катарына Токмок шаарындагы №6 мектепти кошууну өтүндү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында бир мектеп жер көчкүнүн алдында калган. Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн бир мектеп авариялык абалга кептелген. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG