Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

Кыргызстандагы Тегирменчилер комитетинин маалыматы боюнча, күн сайын 30-50 тонна сапаты төмөн, байытылбаган ун аткезчилик жол менен кирип жатат. Аталган комитеттин төрагасы Рустам Жунушовдун "Азаттыкка" маалымдашынчы, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү менен ун өндүрүшү аксады:

- Ун өндүрүшү гана эмес, башка өнөр жай ишканалары да жабылуу коркунучунда турат. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товар ташыган көпчүлүк компаниялар ишин токтотууга аргасыз болду. Буга негизги себеп Кыргызстандын аймагына киргизилип жаткан товарларды көзөмөлдөө механизминин жоктугу.

Жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр сырттан киргизилип жаткан ундун сапатына көңүл бурууну мамлекеттик органдардан талап кылышууда. Алардын айтымында, Казакстандан минералдык пайдалуу заттар менен байытылбаган, арзан буудайдан чыгарылган сапатсыз ун алынып келүүдө.

Өткөн жылы сырттан кирген унга салык алынганына байланыштуу, мамлекеттин бюджети 650 млн сомдук кирешесинен кол жууганы кабарланган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG