Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 21-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүзү 25…30 градус;

Таласта түнкүсүн 0…15, күндүзү 24…29 градус;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүзү 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүзү 20…25;

Нарында түнкүсүн 4…9, күндүзү 22…27 градус ысыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүзү 19…24 градус, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүзү 5…10 градус жылуу болот.

21-майда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы 14…16, күндүзгү температурасы 27…29 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG