Расмий Киев өнөр адамдарын аннексияланган Крымга барганы үчүн өлкөгө киргизбөөнү чечкенин чек ара кызматынын башчысы Виктор Назаренкого таянып, "Интерфакс-Украина" агенттиги кабарлады.
Назаренко Крымга келген орусиялык артисттердин ысымын да атаган, алардын арасында Лолита Милявская, Юлия Самойлова, Наташа Королёва жана башка ырчылар бар. Бул ырчыларга Украинага үч жылга чейин кирүүгө тыюу салынат.
Өлкөгө кирүүгө акысыз чет өлкөлүктөрдүн саны учурда беш жарым миңге чамалуу, анын миңден ашууну Орусиянын жарандары.
Ырчы Лолита Милявскаяны 2015-жылы Керчке барганы үчүн өлкөгө киргизбей коюшкан. Мурдараак орусиялык ырчы Юлия Самойловага да Украинага кирүүсүнө тыюу салынып, натыйжада ырчы Eurovision сынагына катышкан жок. Анын ордуна башка ырчысын жиберүүдөн баш тарткан Орусия сынакты өз аймагында көрсөтпөй койгон.