Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Жардамга муктаж беш балалуу келин күрөөдөгү паспортун алды


Гүлнара Абдылдаева
Гүлнара Абдылдаева

Күйөөсү түрмөдө жаткан, беш балалуу Гүлнара Абдылдаева 20-майда бир жылдан бери күрөөдө жаткан паспортун алды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өзү кабарлады.

Келиндин айтуусунда, жардам берүүнү каалаган мекендештер каражатты анын атына жиберсе болот. Паспорттогу аты-жөнү: Абдылдаева Гульнура Мамытовна. Телефон номери: 0 707 93-20-49.

Каарманыбыз паспорттон тышкары кайрымдуу адамдардын жардамы менен Таластагы батир үчүн моюнуна илинген 3500 сом бересесинен кутулган.

Андан тышкары азыркы жашап жаткан батиринин акысын, электр энергиясына болгон 7700 сом карызын төлөгөн. Чакан дүкөндөн алган 1,5 миң сом карызынан кутулган.

Гүлнаранын айтымында, кайрымдуу адамдар азык-түлүк, балдарына кийим-кече жеткирип беришүүдө.

Күйөөсү алдамчылык кылганы үчүн түрмөдө жаткан, беш балалуу Гүлнара Абдылдаева буга чейин "Азаттык" радиосу аркылуу коомчулуктан жардам сураган. Ал турмуштун кыйынчылыгынан улам, төрт айлык ымыркайын башка бирөөлөргө бергиси келгенин да айткан эле.

Гүлнара Абдылдаеванын 9 жаштагы уулу менен 12 жаштагы кызы мектепке барбай калышкан. Эки баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG