20-май күнү интернеттеги YouTube сайтына президент Алмазбек Атамбаевдин "Энекем" атуу ыры жарыяланды. Мамлекет башчынын өзүнүн аткаруусундагы кыргыз тилиндеги ырды бир суткага жетпеген убакта миңдеген көрүүчүлөр көрдү.
Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин өзүнүн аткаруусундагы бир нече ырын жарыялаган. Мурдараак мамлекет башчы жалпысынан он: беш орус тилиндеги, беш кыргыз тилиндеги ырын жаздырары кабарланган.