Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

АКШ Роухани өзөктүк программасын токтотот деп ишенет


АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон Ирандын кайрадан шайланган президенти Хасан Роухани өзөктүк программасын токтотуп, "террордук тармагын" жок кылат деген үмүтүн Эр-Рияддагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел Жубейр менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Вашингтон Ирандын Сирия жана Йемендеги аракеттерин токтотууну күчөтөрүн да маалымдады. Бул өлкөлөрдө АКШ менен Иран чатакташкан тараптарды колдоп келет.

Тиллерсон ошондой эле "эгер кааласа Роухани Ирандын башка дүйнө менен мамилесин өзгөртө алат" деп бекемдеди.

Адел Жубейр болсо президенттик шайлоо Ирандын ички иши экенин белгилеп, Тегеран өзөктүк программасы боюнча БУУ тарабынан бекитилген резолюцияны аткарууга тийиштигин айтты.

Рекс Тиллерсон АКШ президенти Дональд Трампты коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG