Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарынын финалына чыкты


Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда.
Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда.

Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн кыргызстандык Айсулуу Тыныбекөва алтын байге үчүн күрөшөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Нурпери Садырбекованын маалыматына караганда, Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашууга чыкты. Үч өлкөнүн күрөшчү кыздары таймашкан бул салмактагы беттештер айлампа тартибинде өтүп жатат. Тыныбекова алгачкы беттешинде түркиялык Дерия Байханды 10:0 эсебинде утту. Эми финалда азербайжандык Алёна Колесник менен алтын байге үчүн күч сынашат. Колесник биринчи беттешинде түркиялык атаандашын 14:6 эсебинде жеңип алган.

Кыргызстандан бул таймаштарга катышкан Айпери Медет кызы (75 кг) коло медал үчүн күрөшөт. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

IV Ислам шериктештиги оюндарында азырынча Кыргызстандын эсебине үч алтын, төрт күмүш, жети коло медал чогулду. Жалпы 14 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 11-катарда бара жатат.
12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу күч сынашат.

XS
SM
MD
LG