Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:56

Орусиянын Мамдумасы аталган уюмдун депутат Наталья Поклонская боюнча иликтөөсүнүн мыйзамдуулугун текшерүү тууралуу прокуратурага кайрылмакчы.

Думанын Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин башчысы Василий Пискарев бул жөнүндө суроо прокуратурага дүйшөмбү күнү жиберилерин маалымдады.

Мурдараак орус парламентинин төмөнкү палатасы Transparency International уюмунун Поклонскаянын ишмердүүлүгүн иликтөө аракетин шантаж катары баалашкан.

Депутат Наталья Поклонская 20-майда Алексей Навальныйдын коррупцияга каршы фондун жана эл аралык Transparency International уюмунун ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштаган. Депутаттын сөзү боюнча, бул уюмдардын ишмердүүлүгү өздөрүн жарнамалоо аракетине окшош. Депутат бул уюмдар "көйгөйдү өз пайдасы үчүн козгошот" деп эсептейт.

КийинчерээкTransparency International уюмунун Орусиядагы өкүлүнүн орун басары Илья Шуманов депутат Поклонскаянын ишмердүүлүгү иликтенип жатканы тууралуу маалымдаган.

XS
SM
MD
LG