Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Түндүк Корея дагы бир ракетасын сынады


Бул маалыматты Ак үй ырастап, Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сыноого учурганын кабарлады.

Мурдараак Вашингтон Пхеньянга ракета сыноону улантуу жаңы санкцияларга алып келерин эскерткен эле.

АКШ маалымдагандай, бул жолу сыналган ракета быйыл февраль айында сыналган ракетага окшош. Мунун аракеттенүү радиусу мурдагы үч ракетага салыштырмалуу азыраак.

Сеулдун расмий өкүлдөрү 21-майда Түндүк Корея ракета учурганы тууралуу маалымдаган. Акыркы сыналган ракета 500 чакырым учканы айтылууда.

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин учуп жетүүчү ракета жасарын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG