Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Ооганстанда согушкерлер бир нече кол салуу жасады


Кабулдагы жардыруудан кийин. 3-май, 2017-жыл.
Кабулдагы жардыруудан кийин. 3-май, 2017-жыл.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында, расмий өкүлдөр билдиргендей, согушкерлердин бир нече көзөмөл бекетке кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 20 адамы мерт болду.

Забулда, провинция губернаторунун басма сөз катчысы Гул Исламдын айтымында, көзөмөл бекеттерге бир учурда координацияланган чабуулду Талибандын ондогон согушкерлери жасады.

Ал эми борбор Кабулда куралчандар мейманкана иретинде пайдаланылган үйгө кол салып, андан чет элдик гуманитардык уюмдун бир кызматкеринин жана жергиликтүү сакчынын өмүрү кыйылды.

Ооган ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кабулда конок үйгө жасалган кол салуудан германиялык аял каза тапкан.

Бул жерден согушкерлер финляндиялык бир аялды да уурдап кетишкен.

Кол салууга кабылган конок жайды аялдарга колдоо көргөзүү боюнча долбоорлорду аткарган, швециялык Operation Mercy гуманитардык уюму иштетчү.

Кабулдагы соңку кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Талибан быйылкы жазгы чабуулун баштаганын апрель айынын соңунда жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG