Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Эрдоган АК партиянын лидерлигине кайрадан дайындалды


Президент Режеп Тайып Эрдоган референдум күнү. 16-апрель, 2017-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоган референдум күнү. 16-апрель, 2017-жыл.

Түркиянын бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы же АК партия президент Режеп Тайип Эрдоганды өз төрагалыгына Анкарада, 21-майдагы курултайында кайра дайындады.

“Эртең эл алдында башыбызды шылкыйткандын ордуна биз бүгүн өлкөнүн ичинде да, четте да акмакчылыкка каршы бекем турабыз”,- деди Эроган курултайга чогулган миңдеген жактоочуларына кайрылып.

Эрдоган тамыры исламчыл саясий күчкө барып такалган АК партияны 2001-жылы негиздеп, кийинки жылы алгачкы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан болчу.

Партия лидерлигинен расмий үч жыл мурда президенттикке шайлангандан кийин кеткен.

Себеби, Түркиядагы салт боюнча да президент партиялык саясаттан оолак болушу керек эле.

Бирок Конституцияны өзгөртүү боюнча быйыл 16-апрелде өткөн референдум президенттин бийлик укуктарын кеңейтүү менен катар ал саясий партиянын мүчөсү болуусуна да жол ачты.

Муну менен Эрдоган Түркиянын соңку 70 жылдык тарыхында бир эле учурда мамлекет башчылыкты, партия лидерлигин да алган алгачкы саясатчы болду.

Референдумда Эрдогандын жактоочулары бир аз гана артыкчылык менен жеңишке жетишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG