Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Тегерандын шаардык бийлиги Роуханинин жактоочуларына тийди


Президент Хасан Роухани шайлоо күнү. Тегеран, 19-май, 2017-жыл.
Президент Хасан Роухани шайлоо күнү. Тегеран, 19-май, 2017-жыл.

Акыркы шайлоо Ирандагы баистүүлөр менен рефомачылар Тегарандын шаардык кеңешинде да бийликке келерин көргөздү.

Алар 19-майда президенттик шайлоо менен кошо өткөн добуш берүүдө шаардык кеңештеги 21 орундун баарын жеңип алуу менен ал жерден консерваторлорду сүрүп чыгарган.

Бул 19-майдагы президенттик шайлоодо кайрадан жеңип чыгып, экинчи мөөнөткө укук алган президент Хасан Роуханини колдогон баистүү жана реформачыл саясий лагердин турумунун дагы бир эсе чыңдалышы болот.

Муну менен Тегеранда консерваторлор акыркы 14 жылда алгачкы жолу жеңилүүгө учурап жатат.

Ирандын тогуз миллион калкы бар борборунун шаардык кеңеши шайлоо жыйынтыгы чыккандан 45 күн ичинде жаңы мэрди шайлайт.

Азыркы мэр Бакир Калибаф президенттик шайлоого коё берилген алты талапкердин бири болуп, бирок добуш берүүнүн жуп алдында диниятчы Ибрахим Раисинин пайдасына жарыштан чыккан. Раиси шайлоодо экинчи орун алды. (UE)

XS
SM
MD
LG