Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:23

Ноокенде айылдаштарын бычактаган адам изделүүдө


Ноокен райондук ички иштер башкармалыгы 22 жаштагы Достонбек Салиевге издөө жарыялады. Облустук милициянын маалыматы боюнча, ал 17-майдан 18ине караган түнү бир нече айылдашы менен чатакташып, натыйжада төрт кишини бычактап, качып кеткен. Жабыркагандар жергиликтүү ооруканага кайрылышкан. Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Ноокен райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, бычак шилтеген адамды издөөгө алууда.

20-май күнү жабырланган кишилердин туугандары райондук ички иштер башкармалыгынын алдына келип, күнөөкөрдү таап берүүсүн талап кылышкан. Алар менен райондун акими жана милиция башчысы жолугуп, сүйлөшкөн.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG