Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 21-майда түнкү саат 23:03тө Кыргызстан-Өзбекстан чак арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Достук, Ала-Бука, Кербен, Терек-Сай айылдарында жана Таш-Көмүр шаарында 2,-2,5 балл болгон. Кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунун башчысы Канат Абдрахматов алдын ала алынган божомолдор боюнча быйыл Кыргызстан сейсмологиялык жактан тынч болуп, 5-6 баллдан жогору жер титирөө катталбай турганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.
3-май күнү 10:47де кыргыз-тажик чегинде 7 баллга жакын жер силкинген. Бир суткада жердин силкинүүсү бир нече жолу кайталынып, анын күчү Кыргызстандын көпчүлүк облустарында байкалган. (КЕ)