Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Үй-бүлөнү пландоонун каражат маселеси чечиле элек


Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоо иш-чараларын каржылоо маселеси чечиле элек болууда. Бул көйгөй бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында талкууланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айгүл Бообекованын айтымында, соңку бир нече жылдан бери Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду аркылуу контрацептивдик каражаттарды алып келген жана бул үй-бүлөнү пландаган аялдардын 30% керектөөсүн камсыз кылчу.

Бирок БУУ бойго бүтүрбөө каражаттарын бекер берүү программасын кыскартып жатканына байланыштуу бул милдетти кыргыз өкмөтү өзүнө алышы зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги маселени чечүү максатында көптөгөн жолугушууларды уюштуруп жатканы менен чечим кабыл алына элек.

Бүгүнкү талкууга өкмөттүн, парламенттин өкүлдөру чакырылган.

Кыргызстанда былтыр 2015-жылга салыштырганда энелер жана балдардын өлүмү азайганын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйыл 7-апрелде парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында отчет берип жатып билдирген. Анын айтымында, иликтөөлөр балдардын өлүмү 8%, энелердин өлүмү 30% азайганын көрсөттү.(RK)

XS
SM
MD
LG