Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:38

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги бул өлкөдө кармалган кыргыз жаранынын жазасын жеңилдетүү аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

Кармалган жаран Пакистандагы медреселердин биринде билим алат. 14-майда ал Карачи шаарынын аэропортунан Дубай аркылуу Бишкекке учканы жатканда кармалган.

Пакистан тарап анын визасы жасалма деп айыптоодо. Алгачкы соттук отурум 24-майга белгиленди.

Учурда кыргыз дипломаттары кармалган жарандын жазасын жеңилдетип, депортация менен гана чектелүүнү өтүнүп, ага моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү аракетин жасап жатышат. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG