Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:47

АКШ президенти Дональд Трамп 22-майда Израилге эки күндүк сапарын баштайт. Бул сапары учурунда АКШ президенти Израилдин да, Палестинанын да лидерлери менен кездешет.

Буга чейин Беньямин Нетаньяху, Махмуд Аббас да Ак үйгө барып кетишкен. Аббас ушул айдын башында Трамптын колдоосу астында Нетаньяху менен жолугууга даяр экенин айткан болчу.

Трамптын жардамчылары бул сапардан жылыш күтүү болбой турганын кыйытышууда. Алар бул сапарды символикалык ишара катары карашат.

Israel Hayom басылмасына курган маегинде АКШнын Израилдеги элчиси Дэвид Фридман азыркы тапта Трамптын максаты "тынтчыкка алып келе турган талкуу баштоо" - экенин айтты.

Кошмо Штаттардын сапарын утурлай Израиль палестиналыктар үчүн буга чейин Трамп суранган экономикалык жеңилдиктерди киргизди.

Израил АКШнын бул аймактагы эски жана эң ишенимдүү өнөктөшү. Бирок Трамптын бийликке келиши менен бул өлкө жетекчилигинин ортосунда айрым пикир келишпестиктер бардай туюларын кээ бир серепчилер белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG