Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

“Абу-Даби” кору Нарын-Торугарт жолун оңдоого насыя берет


“Абу-Даби” инвестициялык фонду Нарын-Торугарт автожолун оңдоого 57 млн доллар жеңилдетилген шартта насыя берет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков билдирди. Бул багытта келишимге Бириккен Араб Эмиратынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед ал-Нахайяндын сапары алкагында кол коюлат.

24-майда Кыргызстанга бир күндүк сапар менен эмирликтердин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед ал-Нахайян келет. Сапар учурунда Бишкекте өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жана эки мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосундагы дипломатиялык алака 1996-жылдын 10-августунда түзүлгөн. 1999-жылы Дубайда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG