Бириккен Араб Эмирлигинин жогорку даражадагы аткаминерлеринин бири Хасан Роухани кайра шайланган соң Ирандын коңшулары менен буга чейинки чыңалган мамилелерин оңдоого мүмкүнчүлүгү бар деп билдирди. Эмирликтин тышкы иштер министри Анвар Гаргаш бул тууралуу өзүнүн Твиттердеги баракчасына 21-майда жазды. "Иран дагы бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек" - деп жазды Гаргаш.
Гаргаштын бул билдирүүсү Иранды аймактагы таасирдүүлүк үчүн эң башкы атаандаш деп санаган башка араб өлкөлөрүнүн позициясын билдирип-билдирбестиги түшүнүксүз. Перс булуңундагы араб өлкөлөрү, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлиги да Тегеранды алардын ички иштерине кийлигишүүсү жана конфессиялар аралык чыңалууну күчөткөндүгү үчүн айыпташса, Иран мындай дооматтарды четке кагып келет.
19-майда өткөн шайлоодо учурдагы президент Хасан Роухани 57% добуш алып, экинчи мөөнөткө шайланды. Анын атаандашы, мурдагы баш прокурор Эбрахим Раиси 38% ашуун добушка ээ болду.