Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Пакистандагы жардыруу беш адамдын өмүрүн алды


Бир күн мурда Пакистанда согушкерлерлердин кош чабуулунан алты полициячы мерт болгон.

22-майда Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва уруулар аймагындагы жардыруудан коопсуздук кызматтарынын беш өкүлү мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын өкүлү Манзур Бухари билдирди. Анын айтымында, бомба төрт полициячы жана армиянын бир жоокери отурган автоунаа келаткан жолго коюлган.

Бир күн мурда Пакистандын ушул эле Хайбер-Пахтунхва провинциясында жана Карачи шаарында болгон согушкерлердин кош чабуулунан алты полициячы мерт болгон. Ал кол салуулар үчүн жоопчкерчиликти "Жамаат ул-Ахрар" жана "Ислам мамлекети" радикал топтору алышкан.

XS
SM
MD
LG